Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Коомдук бирикме кыргыз-өзбек чекара маселесин козгоодо


ЖАЛАЛАБАД. Облустагы чыр-чатактардын алдын алуучу «Тынчтыкты сактоо» коомдук бирикмеси кыргыз – өзбек чек арасындагы маселеге чектеш райондорунун жетекчилери менен коомчулукту көңүл бурууга чакырды. Өзбекстанга чектешкен облустагы беш райондун жетекчилери менен коомчулукка жиберилген кайрылууда чек ара жана бажы жаңжалдарынын чыгуу себептери көрсөтүлдү. Чек аралаш кыштактардагы элдин жер, суу, атуулдук жана маалымат алуу маселеси менен жүргүнчүлөр каттоосундагы мамиле белгиленди. Эки тарап катнашындагы мыйзамсыздыктын жаралуусуна чек ара жана бажы адистери менен адамдардын өздөрү да өбөлгө түзгөндүгү айтылды. Коомдук бирикме түзгөн беш айыл өкмөтүндөгү чек ара комитеттери менен биргелешип иштешүү жана аларга жардам берүү өтүнүчтөрү билдирилди. Тынчтыкты сактоо тобу Улуу Британиянын «Вестминстер» корунун долбоору менен иштөөдө.

Алатоо кабарлары топтомун Бишкекте Азиза Турдуева менен Аманбек Жапаров даярдашты

Текстти редакциялаган Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG