Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Феликс Куловдун иши Жогорку cотто качан каралышы белгисиз


БИШКЕК. «Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун арызы Жогорку сотто качан каралары белгисиз. Бул тууралуу 8-августта Куловдун адвокаты Любовь Иванова «Азаттыкка» билдирди. 7-августта «Ар намыс» партиясы Феликс Куловдун арызы Жогорку сотто 11-августта каралат деген маалымат тараткан. Любовь Иванованын айтымында, арызды кароо кийинкиге жылдырылышынын себеби азырынча белгисиз. «Арнамыс» партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиевдин айтуусунда: «Жогорку сот эч кимге билдирбей туруп, Куловдун арызы боюнча Ак үй каалаган чечимин чыгарууга даярданган. Бирок, тилекке каршы, азыр баары Кулов мыйзамсыз соттолгонун түшүнүп калгандыгы буга тоскоолдук кылып жатат». Феликс Кулов 2001-жылдын январь айынан бери камакта отурат.

XS
SM
MD
LG