Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:00

Корея делегациясы Кыргызстанда

БИШКЕК. 8-августта транспорт жана коммуникация министрлигинде Корея Республикасынын улуттук ассамблеясынын информация, телекоммуникация, технология жана илим комитетинин төрагасы Ан Донг Сон жетектеген делегация менен жолугушуу өттү. Жолугушууда Кыргызстандын маалымат-коммуникация жана технология индустриясы, «электрондук өкмөт», «Кыргыз вижн - 2003» маалымат базасынын программалары, ар тараптуу кызматташуу маселери талкууланды. Корея Республикасынын делегациясы тышкы соода жана өнөр жай министрлигинде соода-сатык байланыштары тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, туризм жана спорт агенттигинде эки өлкө ортосундагы туризм байланыштарын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты. Корея Республикасынын делегациясы 9-августта Чолпоната шаарына барат. Ал жерден премьер-министр менен жоолугушат. Делегациянын келерки дүйшөмбүдө президент Аскар Акаев жана парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы менен жолугушары күтүлүүдө.
​
XS
SM
MD
LG