Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

ДИКТАТОРЛОРДУН КӨПЧҮЛҮГҮ ӨЗ АЖАЛЫНАН ӨЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Кенияда жашаган италиялык журналист Рикардо Оризио жакында жаңы китеп жазып чыгарды. "Жин менен маек: жети диктатор менен жолугушуу" деп аталган китепте бир кезде ар башка өлкөлөрдү зомбулук менен башкарып, азыр кээ бирлери чет өлкөлөрдө пенсияда жашаган диктаторлор тууралуу баяндалат жана алар менен өткөрүлгөн интервьюлар да келтирилет.

Рикардо Оризио өз китебинде жети мурдагы диктатор тууралуу жазат. Алар - 1944-жылдан 1985-жылга чейин Албанияны башкарган Энвер Ходжа, 1966-жылдан 1999-жылга чейин Борбор Африка республикасын бийлеген Жан-Бедел Бокасса, 1974-жылдан 1991-жылга чейин Эфиопиянын жетекчиси болгон Менгисту Хайле Мариам, 1971-жылдан 1979-жылга чейин Уганданын президенти болгон Иди Амин, Гаити мамлекетин атасынан мураска алып, 1971-жылдан 1986-жылга чейин анын президенти болгон Жан-Клод Дювалье, 1981-жылдан 1990-жылган чейин Польшаны жетектеген Войцех Ярузельский жана 1984-жылдан 2000-жылга чейин сербдердин жетекчиси болгон Слободан Милошевич.

Энвер Ходжа жана Милошевичтен башка беш диктатор менен Оризио өзү жолугуп маектешкен, алардын кээ бирлери азыр тирүү эмес, жакында болсо журналист - азыр Гаагада соттолуп жаткан Милошевичтин жубайы Мириам Маркович жана Энвер Ходжанын жесири Нежиме Ходжа менен жолуккан.

Журналисттин китепте жасаган негизги жыйынтыктарынын бири - бир кезде миллиондогон калкы бар өлкөлөрдү башкарып, миңдеген адамдын ажалына калган диктаторлор бийликтен четтетилгенден кийин камырабастан бейкуттукта жашайт же жашап өткөн жана мурда жасаган иштери тууралуу эч өкүнбөйт. "Бэби Док" деген атка конгон Дювалье азыр Францияда жашайт, Менгисту Хайле Мариам - Зимбабве өлкөсүндө күн өткөрүүдө, Ярузельский өзүнүн Польшасында пенсияда, Амин болсо Сауд Арабияда жашайт жана өкмөттөн пенсия алат.

Журналисттин жасаган дагы бир корутундусу - эл аралык коомчулук да азырынча андай диктаторлорду жоопко тартууга шашпайт жана кээ бир өлкөлөр аларды айрым учурларда өз кызыкчылыгында пайдаланат. "Азаттыктын" кабарчысы Жереми Бранстен менен болгон маегинде Рикардо Оризио минтип айтат:

- Адамзат тарыхында бир да улуу дөөлөттүн тышкы саясаты адеп-ахлактык баалуулуктарга негизделген эмес. Ал саясатта Макиавеллинин эрежелери колдонулат жана эң биринчи орунга улуттук кызыкчылыктар коюлат. Мисал үчүн, кайсы бир шартта алардын кызыкчылыктарына туура келсе, алар кээ бир өлкөлөрдү диктаторлор башкарганына да макул болуп, алар менен кызматташат. Мисалга алсак, Франция жетекчилиги көп жылдар бою жинди жана киши жегич Бокасса менен да тил табышкан жана ал өзүн Борбор Африканын императору деп жарыялаганда да унчуккан эмес.

Борбор Африка жумуриятынын оппозициялык саясатчыларын Бокасса карматып келип, өлтүрүп-союп, этин жеп алганы менен белгилүү болгон. Уганданы сегиз жыл бою башкарган Иди Амин дагы адамдын этин жеген деп күнөөлөнөт. Өзүн өзү "Жер бетинде жашаган жаныбарлардын жана суу ичинде сүзүп жүргөн жандыктардын баарынын кожоюну" деп жарыялаган Амин 1979-жылы бийликтен четтетилгенден кийин, Ливияга качкан, бирок андан соң Сауд Арабияга көчүп келген жана өкмөт ага атайын үй берип, жетиштүү пенсия чегерген. 78 жаштагы Аминдин бөйрөгү жана боору катуу ооруп, азыр ал ооруканада жатат жана байкоочулардын пикиринде, оңоло албайт.

Оризио аны менен жолугуп, мурдагы иштери тууралуу өкүнгөн-өкүнбөгөнүн сураганда, Амин эч нерседен өкүнбөгөнүн айткан жана тарыхта атактуу боксер катары калууну каалаганын билдирген. Амин чындап эле мурда Уганданын бокс боюнча чемпиону болгон жана кийин мамлекеттик бийликке келгенде да рингге чыгып, өз атаандаштарынын баарын согуп-жыгып, 1960-жылдарда Уганданын Олимпия командасына кирген, бирок кийин кеңешчилерин угуп, Олимпиадага барган эмес.

XS
SM
MD
LG