Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Кымбат баа китеп


КАРАКОЛ. 9-августта президент Аскар Акаев Ысыккөл районундагы «Тамчы» айылындагы аба майданынын ачылыш аземине катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы аба майданынын эларалык маанисине токтолуп, аны кайра калыбына келтирүү аркылуу республикаынын социалдык-экономикалык өсүшү жогорулайт, Ысыккөлдө туризмди өнүктүрүүгө кеңири жол ачат, - деп айтты. Ушул эле күнү Чолпоната шаарындагы «Алтын балалык» реабилитациялоо борборунун бир бөлүгүнүн ачылыш аземи өттү. «Манас Ордо» маданий комплексинде Майрам Акаеванын «Үмүттүн шооласы өчпөйт» китебинин бетачар аземи өттү. Бетачар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган майрамдык шаан-шөөкөттөрдүн башталышы катары бааланууда. Кошумчалай кетүүчү маалымат, «Үмүттүн шооласы өчпөйт» аттуу китеп 500 сомдон жергиликтүү жетекчилерге күч менен таратылууда.

XS
SM
MD
LG