Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

«Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатуу боюнча сүйлөшүүлөр


БИШКЕК. Кийинки аптада «Кыргызтелеком» акционердик коому менен Швециянын «Swedtel» кампаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөр улантылат. «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатып алуу боюнча тендердин жеңүүчүсү «Swedtel» кампаниясынын өкүлдөрү акционердик коомдун жетекчилиги менен айрым талаш-тартыш маселелер боюнча сүйлөшөт. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча комитетинен алынган маалымат боюнча, азырынча «Кыргызтелеком» «Swedtel» кампаниясына жөн телефондорду толугу менен сандык телефондорго алмаштыруу, алыскы райондорду телефондоштуруу сыяктуу талаптар коюлууда. Буга чеийн «Swedtel» кампаниясы Кыргызстанда телефон тарифтерин жогорулатуу талабын койгон. Бирок, кыргыз тарап республикада телефон тарифтерин «Кыргызтелеком» эмес, байланыштар боюнча мамалекеттик агенттик аныктайт деп түшүндүргөн. Мамлекеттик мүлк комитетинен билдиришкендей, эгерде «Swedtel» кампаниясы талаптарга макул болбосо, анда «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатып алуу боюнча «Ростелекомдун» сунушу каралат. 15-июнда өткөн тендерде Россиянын бул кампаниясы 51% акция үчүн 15 млн 287 миң АКШ долларын, ал эми «Swedtel» 15 млн.600 миң доллар сунуштаган.

XS
SM
MD
LG