Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:59

Кыргызстан менен Орусия коопсуздук жагынан кызматташуусун улантат


БИШКЕК. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы коопсуздук жаатындагы кызматташуу боюнча келишим 9-августтан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу ишембиде президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Эки мамлекет ортосундагы коопсуздук боюнча келишимге 2002-жылдын 5-декабрында Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы расмий иш сапары учурунда кол коюлган. Келишимде эки өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, эларалык терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка жана мыйзамсыз курал- жарактарды, баңги заттарды сатууга каршы биргелешип күрөшүү боюнча маселелер каралган.

XS
SM
MD
LG