Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

«Эркинтоо» басма үйү талашта


БИШКЕК. «Эркинтоо» басма үйү менен мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетинин ортосундагы чыр-чатак Жогорку сотто каралды. Бир жылдан бери «Эркинтоонун» жетекчилиги басма үйдүн 40 % пакциясын сатуу боюнча 2002-жылы өткөрүлгөн конкурста Жаныбек Сыдыгалиевдин сатып алгандыгын мыйзамдуу деп табууну соттон өтүнүп келишет. Андан мурда «Эркинтоонун» акциясынын 40 пайызын «ЭНиК» атту жоопкерчлиги чектелген ишкана сатып алган. Бирок, мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети конкурс мыйзам бузуулар менен болгондугун белгилеп, анын жыйынтыгын жокко чыгарган. Ага нааразы болгон басма үйү Мамлекеттик мүлк комитетин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна берген. Райондук сот басма үйүнүн пайдасына чечим чыгарган. Мамлекеттик мүлк комитети аппеляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот ишти комитеттин пайдасына чечкен. 8-августта Жогорку сот «Эркинтоо» басма үйүнүн акцияларын сатуу конкурсу мыйзам бузуулар менен өттү деп тапты. Эми «Эркинтоонун» 40 % акциясын сатуу конкурсу жарыяланмакчы.

XS
SM
MD
LG