Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Москвалык окумуштуу киши колдуу болду


83 жаштагы Орусиялык окумуштуу Григорий Бондаревский киши колдуу болуп каза болду. Тарых илимдеринин доктору Бондаревский кечээ Москвадагы өз үйүндө башынан жарат алып, эс-учун жоготуп жаткан жеринен табылган. Ооруканага алып барганда эсине келбей көз жумган. Үйүнөн чөнтөк телефону жоголгон жана үйүнө кирген кишилер кагаздар салынган үстөлдөрүнүн баарын тинтишкени байкалган. Бондаревский белгилүү чыгыш таануучу жана ислам дини боюнча адис катары таанымал. Жавахарлал Неру атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты жана Улуу Британиянын Дарем университетинин чек ара проблемасы боюнча борборунун профессору болгон.

XS
SM
MD
LG