Бостондун рим-католик чиркөөсүнүн епархиясы диний кызматчылар тарабынан жасалган 500дөн ашуун сексуалдык укук бузууларды тымызын бүтүрүү үчүн 55 миллион доллар сунуш кылды. Чиркөө бул диний мекеменин кызматчылары бала кезинде жыныстык катнашууга мажбур кылган аялдарга жана эркектерге акча төлөп берерин билдирди. Бостон штатынын башкы прокурорунун кеңсеси тактаган маалыматтарга караганда, акыркы 60 жылдын ичинде дин кызматкерлеринин жосунсуз жоруктарынан запкы жеген адамдардын саны 1000ден ашып кеткен. Мындай чечим Бостон чиркөөсүнө архиэпископ Шон Патрик О Мэлли башчы болгондон кийин кабыл алынды. Бостон чиркөөсү көлөмү боюнча АКШда төртүнчү орунда турат.