АКШнын администрациясы Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн массалык кыргын салуучу куралдарды чыгаруу боюнча "Ал-Каиданын" мүчөлөрү менен кызматташып жүргөндүгү жазылган докладын жарыя кылды. Ага "Ал-Каиданын" азыр Американын түрмөсүндө жаткан бир мүчөсүнүн көрсөтмөлөрү негиз берген. Анын көрсөтмөлөрүнө караганда, 2000-жылы Ирак "Ал-Каиданын" эки мүчөсүнө химиялык жана биологиялык курал чыгарууну үйрөтүүгө макулдук берген.