Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Жалалабад шаарында коомдук бирикме жакыр адамдарды өз алдынча иликтөөгө киришти


ЖАЛАЛАБАД. Калкты социалдык жактан коргоо боюнча коомдук бирикменин 16 адамдан турган тобу Жалалабад шаарындагы жакырларды өз алдынча иликтөөгө киришти. Ыктыярдуу топтун мүчөлөрү аз камсыз болгон адамдардын пенсияларын, жөлөк пулдарын жана киреше булактарын тизмелешет. Иликтөөнүн жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жана коомдук бирикмелерге тапшырылат. Бирикменин төрагасы белгилегендей, 100 миңден ашуун калкы бар облус борборунда 2,5 миң адамдын гана жакыр жашай тургандыгы күмөн туудурат. Шаардык социалдык коргоо мекемеси түзгөн мындай тизмеге аз пенсия алган, менчик соода түйүндөрү бар жана башка социалдык категориядагы адамдар да киргизилип калган. Жакырларды аныктоо өлчөмү боюнча шек туудурган тизме тууралуу коомдук бирикме шаардык мэрияга бир нече ирет кайрылган. Бирок, эч кандай жооп болгон эмес. «Биздин болжолдо, шаардагы жакырлар 5-6 эсе аз көрсөтүлгөн», - дейт бирикменин төрагасы Элмар Ишков. Жалалабад шаарынын мэриясы «Азаттыктын» кабарчысына мындай маалымат текшерилээрин билдирди.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG