Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Түштүк Кореянын делегациясынын Кыргызстандагы иш сапары уланууда


БИШКЕК. Бул күндөрү Түштүк Кореянын делегациясы Кыргызстандагы иш сапарын улантылууда. Анын курамында Түштүк Кореянын өкмөтүнүн, Улуттук Ассамблеясынын өкүлдөрү жана бул өлкөнүн бир катар ири ишканаларынын жетекчилери бар. Бүгүн делегация транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев менен Ыссыккөлдөгү Семенов капчыгайында жолугушту. Эртең Түштүк Кореянын Улуттук Ассамблеясынын илим, техника, маалымат жана телекоммуникация комитетинин төрагасы Ан Донг Сон баштаган делегация президент Аскар Акаев менен Чолпонатадагы «Ысыккөл» резиденциясында жолугат. Кыргызстанда бул делегация Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Роман Оморов менен да кезигишет. Мындан тышкары, делегация «Манас» эл аралык аба майданындагы Ганси авиабазасында болот. Түштүк Кореянын делегациясынын Кыргызстанга келишинин максаты - Кыргызстандын маалымат, байланыш технологияларынын абалы менен таанышуу жана өлкөнүн бул тармактарын өнүктүрүүгө каржылык көмөк көрсөтүүнүн жолдорун аныктоо. Делегациянын иш сапары 14-августта аяктайт.

XS
SM
MD
LG