Атал Бихари Важпайинин мындай кайрылуусу Исламабадда өтүп жаткан конференцияда окулду. Конференцияда Индия менен Пакистандын ортосундагы узактан берген чатакты жөнгө салуунун жолдору талкууланууда. Эки коңшу өлкө 1947-жылы Британиядан көз карандысыздык алгандан бери үч ирээт согушту. Индия–Пакистан чек арасында атышуулар менен кагылышуулар – кадимки көрүнүш.