Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Израилдин учактары "Хезболла" уюмунун коңшу Ливандагы турумдарына сокку урду


Бутага Ливандын Израилге чектеш түштүк аймагындагы кыштактардын чет жакалары алынды. Мунун алдында Ливанды байырлаган "Хезболла" уюмунун согушкерлери бүгүн Израилдин түндүк аймагын артиллерия менен аткылап, натыйжада Шломи деген кыштактын бир тургуну мерт болуп, төртөөсү жаракат алган. Буга байланыштуу Израилдин тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гидеон Мейр "Тараптардын бири түндүк чек арадагы кырдаалды курчутуп, экинчиси унчукпай отура берген абал көпкө улана албайт. Израил өзүн коргоого укуктуу, өз жарандарын коргоого милдетүү жана муну жасайт", - деп айткан эле.
Ушул жума күнү да Ливан, Израил, Сириянын чегиндеги талаш аймакта жөөт аскерлери хезболлачылар менен атыша кетишкен.

XS
SM
MD
LG