Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Ирактын экинчи ири шаары - Басрада баш–аламандыктар орун алууда


Тополоң Басрада ишемби күнү башталган эле. Күйүүчү майдын тартыштыгына, электр жарыгы үзгүлтүк менен берилип жатканына нааразы адамдар май куюучу бекеттерди талкалап, машиналарды өрттөп, бул жерди көзөмөлдөгөн британ аскерлерин таш бараңга алышкан. Ал эми бүгүнкү нааразылык акциясы учурунда бир ирактык набыт болгону кабарланууда. Күбөлөрдүн айтымында, ок демонстранттардын ичинен атылган. Британ командачылыгынын өкүлү билдиргендей, аскерлер күйүүчү майды сатууда кызыл кулактыкка жол берилбегенине элди ынандыруу үчүн май куюучу жайларды көзөмөлдөйт. Ал эми электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап жатышы саботаждын жана 50 градуска жеткен ысыктын кесепети.

XS
SM
MD
LG