ОШ. Анда «Айрекстин» регионалдык директору Джин Маккензи, Тажикстандын «Төртүнчү бийлик» аттуу бейөкмөт уюмунун жетекчиси Владимир Ракушкин, Кыргызстандын Ош шаарындагы «Медиа» укуктук борборунун директору Алишер Токсонбаев сүйлөштү. Алар «Атуулдук коомду курууда массалык маалымат каражаттарынын ролу жана таасири» деген темада атайын докладдар менен чыгышты. Жалпы талкууда бейөкмөт уюмдардын коомго жана бийликке көрсөткөн таасири, Фергана өрөөнүндөгү эл аралык дипломатиялык мамилелердин карама-каршылыктары айрыкча кызыгуу талаш-тартыштарды жаратты. Семинар-кеңешмеде бейөкмөт уюмдар менен массалык маалымат каражаттарынын мындан аркы алакасын күчөтүү боюнча атайын меморандумга кол коюлду. Кийинки мындай семинар- кеңешме 24-октябрь күнү Ош шаарында өткөрүлөт.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов