Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

«Кыргызгаз» Бишкек газ чарба жетекчисин мыйзамсыз аракеттер үчүн кызматтан алды


БИШКЕК. Бишкектеги газ чарба башкармалыгы өз отчетторунда эл пайдаланган газдын өлчөмүн көбөйтүп жазып жүргөн. Натыйжада 928 үй-бүлөгө 2 млн. 247 миң куб. метр газ кошуп жазылган. Анын баасы 6 млн. 38 миң сомго жеткен жана бул каражат газ пайдалануучулардын мойнуна жүктөлгөн. Бул тууралуу «Кыргызгаз» акционердик коомунун маалымат кызматы бүгүн кабарлады. Анда белгиленгенге караганда, акционердик коом Бишкек газ чарба башкармалыгы тарабынан жасалган мыйзам бузууларды атайын текшерүү учурунда тапкан. Анын жыйынтыгы менен чарбанын башкармасы Токтосун Абдувалиев кызматынан бошотулду. «Кыргызгаз» башкарманы бухгалтердик, статистикалык отчетторду бурмалаганы, кошуп жазуу, дебитордук карыздын көбөйүшү, сатылган газ үчүн каражаттын жетишсиз чогулушу үчүн айыптады.

XS
SM
MD
LG