Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Күздө ЕККУ Бишкекте Борбор Азиялык V медиа-конференция өткөрөт


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги борбору «СИМЕРА» уюму менен бирге 17-18-сентябрда Бишкекте Медиа-кызматкерлердин Борбор Азиялык конференциясын өткөрүүнү болжоп жатат. Борбордун коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери Болот Жунусовдун бүгүн кабарлаганына караганда, конференция «Медиа көп тилдүү жана көп маданияттуу коомдордо» деп аталып, ага региондогу жана жергиликтүү маалымат каражат өкүлдөрүнөн тышкары, Борбор Азияда иштеп жаткан миссиялардын өкүлдөрү чакырылат. Конференцияга ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Фраймут Дувенин катышаары күтүлөт. Конференциянын алкагында маалымат алуу эркиндигине жана көп тилдүү, көп маданияттуу коомдордогу маалымат каражаттарынын жагдайларына байланышкан эки башка талкуу өтөт. Мындай конференция Кыргызстанда экинчи ирет өтмөкчү. Биринчиси 1999-жылы болгон. Ал эми төртүнчү конференция былтыр Ташкенде өткөн.

XS
SM
MD
LG