Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

«Агымдын» башкы редактору алмашты


БИШКЕК. «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимкановдун сунушуна ылайык редакциянын жамааты басылмага башкы редактор кылып Эрнис Асек уулун шайлады. Буга чейин башкы редактордун милдетин өзү аткарып келген Мелис Эшимкановдун айтымында, мындан ары Эрнис Асек уулу башкы редактордук милдетти туруктуу аткарат. Ал эми гезит ээси баяндамачы болуу менен бирге, эркин чыгармачылык иштер менен алектенет жана саясатка жигердүү киришейин деген ою жок. Мелис Эшимканов – «Эл» партиясынын лидери. Ал оппозициялык маанайдагы «Арнамыс», «Атамекен», «Эркиндик» партиялары менен бирге Элдик конгресс түзүп, Биринчи элдик курултайды өткөрүүгө салым кошкон. Бирок, акыркы кезде М. Эшимканов Үчүнчү элдик курултайды өткөрүүнү көздөп жаткан оппозициялык маанайдагы саясатчыларды колдогон жери жок жана алардын көз караштарына кайчы пикирлерин билдирип келатат.

XS
SM
MD
LG