Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Ушул айда Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу кайра башталат

БИШКЕК. Август айынын этегинде Транспорт жана байланыш министрлигинин темир жол башкармалыгы Балыкчы-Каракече темир жолунун Балыкчы-Кочкор багытын курууга киришет. Премьер-министр Николай Танаев курулуш боло турган жерди жума күнү кыдырып чыккан соң ушундай чечимге келди. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын бүгүнкү кабарына караганда, 65 чакырым аралыкты ээлеген бул темир жолдун курулушуна 5-7 млн. сом каражат сарпталаары болжолдонууда. Түндүк-түштүк стратегиялык темир жолунун башаты катары мындан бир нече жыл илгери башталган курулуштун ашар ыкмасы өзүн актабагандыктан, токтоп калган.
​
XS
SM
MD
LG