Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Европа ысыктан жабыркоодо


Европа континентинде аба ырайы өтө ысык жана кургакчыл бойдон калууда. Ал эми ысыктан каза болгондордун саны 40ка жетти. Жекшембиде Британиянын түштүгүндө абанын температурасы 38 градустан ашып, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Буга чейинки рекорд 1990-жылдын август айында болуп, анда Британияда абанын температурасы 37.1 градуска жеткен экен. Германияда да кечээ күнү күн адаттан тышкары ысып, абанын температурасы 40.4 градуска барабар болду. Италия, Португалия, Франция, Хорватия жана Испанияда токойлордо өрт өчүрүү иштери уланууда. Испания менен Португалиянын эле өрттөн тарткан зыяны 2 млрд долларга жетип барды деп кабарланууда.

Айданбек Акмат уулу, Прага

XS
SM
MD
LG