Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Пакистан сүйлөшүүлөрдү жактайт


Пакистандын президенти Первез Мушарраф Индияны Кашмир жана башка талаштуу маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды. Исламабадда сүйлөгөн сөзүндө Мушарраф Пакистан тарыхый атаандашы Индия менен тынчтык жолунда болуу үчүн акыр аягына чейин аракеттенээрин билдирди:

- Пакистан акыр аягына чейин тынчтык жолунда, сүйлөшүү, бардык маселелерди, анын ичинде Кашмир маселесин да диалог менен чечүүнү жактайт, - дейт Пакистандын президенти Первез Мушарраф.

Ал ошондой эле Түштүк Азия регионалдык кызматташуу уюмуна мүчө мамлекеттерге кайрылып, Пакистан менен Индиянын ортосундагы мамилени жөнгө салууда жардам сурады. Индиянын өкмөт башчысы Атал Бихари Важпаи да Индия менен Пакистандын ортосундагы көп жылдык каршылашуу токтотулушу керектигин жекшембиде билдирген.

XS
SM
MD
LG