Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Либериянын президенти кызматтан кетти


Нигерия жана Түштүк Африканын тынчтык орнотуучу күчтөрү бүгүн Либериянын борбору Монровия шаарындагы президенттин кеңсеси жайгашкан жерди көзөмөлгө алды. Ал эми президент Чарльз Тейлор бийликти вице-президент Мозес Блага өткөрүп берди. Ага арналган иш-чарага Мозамбик, Түштүк Африка, Гананын президенттери катышышты. Либериянын президенти Чарльз Тейлор АКШнын басымы астында бүгүн кызматтан кетти. Бирок анын өлкөдөн качан чыгып кетээри белгисиз бойдон калууда. Жергиликтүү калк Нигерия жетектеген тынчтык орнотуучу күчтөрдүн өлкөгө киргизилиши менен 14 жылдан бери уланып келаткан жарандык согуш токтойт деп үмүттөнүүдө. Тейлор 1997-жылы өткөрүлгөн шайлоодо бийликке келген.

XS
SM
MD
LG