Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:21

Ооганстандагы тынчтык орнотуучу күчтөр НАТОнун кол алдына өттү


Ошентип, НАТО 54 жылдык тарыхында алгачкы ирет Европадан сырткаркы аймакта операция жүргүзөт. Акыркы алты айдан бери Ооганстандагы эл аралык күчтөрдү Германия менен Голландия биргелеше башкарып келген. Башчылыкка келген Британия генералы Жек Деверал Кабулда коопсуздукту камсыз кылуу - башкы милдет болуп кала берээрин билдирди:

- Биз Хамид Карзай башында турган Ооганстандын өткөөл мезгилдеги өкмөтүнө жардам берүү мандатын аткарууну улантабыз. Кабул жана анын айланасында коопсуздукту камсыз кылууга аракеттенебиз. Анткени ансыз ооган өкмөтү кайра куруу, ошондой эле жалпы коопсуздукту камсыз кылуу иштерин баштай албайт.

Ооган өкмөтү эл аралык тынчтык орнотуу күчтөрүн өлкөнүн борбору Кабулдан башка региондорго да жайгаштырууну өтүнүүдө. Ооганстандагы АКШ командачылыгынын билдирүүсүнө караганда, өткөн жумада Пактия провинциясында бир талип жактоочусу өлтүрүлүп, дагы үчөө колго түшүрүлдү.

XS
SM
MD
LG