Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Премьер-министр Николай Танаев Баткенде болду


БАТКЕН. Премьер-министр Николай Танаев баштаган топтун курамында өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов, экология жана чукул кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев, кыргыз өкмөтүнүн регионалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов, Чек ара кызматынын жетекчиси Калмурат Садиев жана башка расмий адамдар болду. Бул топтун иш сапары кечээ түштөн кийин Кадамжай районундагы Бөлгөндү аймагында жаңыдан өздөштүрүүчү жерлер менен таанышуудан башталды. Эгер суу чыгарылса, анда бул аймакка дагы 10 миңге чукул адамдын отурукташуусуна шарт түзүлөт. Өкмөт башчысы иш сапарынын учурунда жаңы жерлерди өздөштүрүш үчүн 10 чакырым узундуктагы суу түтүктөрүн берүүнү убада кылды. Андан ары алар кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым маселелер жана Сох суу сактагычынын абалы менен таанышты. Бул суу сактагыч Баткен районундагы Суубашы айыл өкмөтүнүн аймагына 1980-жылдардын башында Өзбекстан тарабынан курула баштаган, бирок аягына чыкпай токтоп калган. Өкмөт башчысы баштаган топту облустун губернатору Мамат Айбалаев коштоп жүрдү. Топтун кыскача иш сапары ушул эле күнү аяктап, кечке жуук Бишкек шаарына жөнөп кетти.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG