Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:56

«Кыргыз» деген сөздүн жазылышына карата сот иши аяктады


БИШКЕК. Жогорку Сот Жеке ишкерлер комитетинин төрагасы Кубанычбек Тезекбаевдин «Дело №» гезитине каршы берген доо арызын канааттандырган жок. Гезиттин башкы редактору Виктор Запольскийден айтымында, Жогорку Сот кечээ түштөн кийин К.Тезекбаевдин арызын карап, редакциянын кызыкчылыгын канааттандырган өкүм чыгарды. К.Тезекбаев быйыл февралда ««Дело №» гезити «кыргыз» деген сөздү «киргиз» деп жазып, улуттук арнамысымды басмырлоодо» деп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Ал моралдык чыгым үчүн редакциядан 500 миң сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Райондук сот доогердин кызыкчылыгын коргогон өкүм чыгарган. Бирок көп өтпөй, райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту жокко чыгарган. Ага нааразы болгон К. Тезекбаев Жогорку Сотко арыз жолдогон. Ал эми Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

XS
SM
MD
LG