БИШКЕК. Президент Аскар Акаев баш болгон бийлик өкүлдөрү тарабынан сунушталган Демократиялык кодекстин долбоору юридикалык жактан кандайдыр-бир коомдук келишимге же чыныгы кодекске окшобойт. Ал демократия тууралуу юридикалык жактан так жазылбаган рефератка окшош. Мындай көз карашын «Арнамыс» партиясынын азыр абакта жаткан төрагасы Феликс Кулов «МСН» гезитиндеги макаласында жазып чыкты. Ал эми «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму бүгүн билдирүү таратып, анда «Демократиялык кодекс кыргыздардын «Рухнамасы» болуу менен өлкөдөгү жарандык коомдун өнүгүшүн бир нече жылга артка жылдырат» деп жазган. Ал эми расмий бийлик өкүлдөрү Демократиялык кодекс Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышына, демократиянын өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн, мындай документ Кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайында кабыл алынаарын айтышууда.