Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

«ШКУнун антитеррордук борбору Кыргызстандан Өзбекстанга которулат» деген маалымат төгүнгө чыкты


БИШКЕК. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) антитеррордук борборунун баш кеңсеси Кыргызстандан Өзбекстанга которулат» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары, Кыргызстандын ШКУдагы улуттук координатору Асанбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин ШКУ тууралуу үч түрлүү документте - уюмду түзүү тууралуу хартияда, террорчулукка каршы күрөшүү келишиминде жана террорчулукка каршы күрөшүү конвенциясында - бул борбордун кеңсеси Бишкекте жайгаштырылаары жазылган. «Мындай документтердин баары уюмга кирген өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан ратификацияланган. Ошондуктан уюмдун борборун кайрадан Кыргызстандан Өзбекстанга которуу ал документтерди өзгөртүүнү талап кылат», - деп кошумчалады Асанбек Осмоналиев. Интернеттеги «Centrasia.ru» маалымат агенттиги ШКУнун антитеррордук борборунун баш кеңсеси Кыргызстанда эмес, Өзбекстанда жайгаштырылаарын кечээ жазган. Ал мындай сунушту Орусиянын президенти Владимир Путин колдогондугун белгилеген.

XS
SM
MD
LG