Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Бүгүн Бишкекке АКШнын Борбордук командачылыгынын башкы командачысы келди


БИШКЕК. Бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгынын жаңы командачысы Жон Абизаид Тажикстан аркылуу Бишкекке келди. Ушул эле күнү ал коргоо министринин орун басары Алик Мамыркулов менен жолукту. Коргоо министрлигинин кечки маалыматына караганда, Жон Абизаид жолугушууда коргоо тармагын «Манас» аба майданында жайгашкан Ганси авиабазасына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал министрдин орун басарын Борбордук командачылыктын Тампа шаарындагы башкы штабына чакырды. Тараптар Ооганстандагы «алкаидачылар» менен «Талибан» кыймылынын аракеттери дүйнөдөгү жана аймактагы өлкөлөрдүн тынчтыгына коркунуч келтирээрин белгилешти. Ушул эле күнү ал Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов менен жолугушуп, алар коопсуздук маселелерин талкуулашты. Жолугушууларга журналисттер чакырылган жок. Генерал Жон Абизаид АКШнын Борбордук командачылыгынын башчылыгына быйыл 7-июлда дайындалган. Ал буга чейин Түндүк Каролинада, Италияда, Түндүк Иракта, Ливанда кызмат өтөгөн. Буга чейин ал Борбордук командачылыктын башчысынын орун басары болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG