БИШКЕК. Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев бүрсүгүнү Өзбекстанга бир күндүк иш сапары менен барат. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Н.Танаев Өзбекстандын премьер-министри Өткүр Султанов менен жолугушат. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.