Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:32

Ош шаарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты


ОШ. «Үч жарым ай жүргүзүлгөн тергөө ишинен кийин сот жараяны атайылап үч айдан бери создуктурулуп жатат. Товарлар өрттөнгөн жайдын ээси, шаардын эң бай адамдарынын бири Аманулла Иминовго алар ачык жан тартышууда. Аманулла Иминов биздин чыгымдарды толук төлөп, ал тургай сот жообуна тартылышы керек» деген талаптар менен 50 чакты адам кечээ Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин алдына келип, губернатор менен жолугушууну талап кылышты. Губернатор Накен Касиев эс алууда болгондуктан, базарчылар менен губернатордун орун басарлары, кеңешчилери, облустун прокурору жана башка жооптуу кызматкерлер сүйлөшүүгө келишти. Жаалданган базарчылар алардын сөздөрүнө муюган жок. Акимчилик имаратынын астынан тарабай, 27 адам так ошол дарбазанын алдында түнөп чыгышты. Бүгүн түш ченде жүк сактоочу жайдын ээси Аманулла Иминовду алып келишип, бийлик өкүлдөрү, базарчылардын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Аманулла Иминов 2 млн. 600 миң сомду толук эмес, анын басымдуу бөлүгүн төлөп берүүгө убада берди. Ошондон кийин гана топтолгондор тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG