Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

ЕККУ Кыргызстанга желим ок да, автомат да алып келбей тургандыгын билдирүүдө


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандын ички иштер органдарын колдоо программасын Кыргызстандагы башкаруу тобу, ЕККУнун Венада жайгашкан Тартип коргоо органдарынын стратегиялык маселелери боюнча катчылыгы ишке ашырат. Бул тууралуу бүгүн бул уюмдун Бишкектеги кеңсесинде журналисттерге ЕККУнун кызматкерлери маалымдашты. Сөз болуп жаткан катчылыктын адам ресурстары боюнча директорунун улук кеңешчиси Барри Майерстин айтымында, программа ачык-айкын иш жүргүзөт. Ал үчүн бейөкмөт уюмдардын өз сунуштарына ылайык байкоочу топ түзүлөт. Барри Майерс жолугушууда программанын алкагында тартип коргоо тармагынын кубатын арттыруу максатында өрт өчүргүч баллондор гана алынып келинээрин, мындан башка эч кандай курал-жарак келбей турганын билдирди. «Автомат да, желим октор да алынып келинбейт, менин сөзүмө ишенгиле», - деди Майерс. ЕККУнун бул программасынын алкагында желим ок жана автомат Кыргызстанга алынып келинээрин буга чейин бир катар бейөкмөт уюмдар маалымдашып, буга каршы нааразылык акциясын уюштурушкан. 8 долбоордон турган бул программа 7-августтан баштап күчүнө кирди. Буга байланыштуу өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга ошол күнү премьер-министр Николай Танаев менен ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Айдын Идил кол коюшкан. 18 айга эсептелген бул программага 3 млн. 600 миң евро жумшалат.

XS
SM
MD
LG