Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Индонезия терроризмге каршы күрөштү күчөтөт


Индонезиянын бийлиги терроризмге каршы күрөшүү мыйзамдарынын талабын күчөткөн жатат. Буга 5-август “Марриот” мейманканасын жардыруу түрткү болду. Ал эми бүгүн Бали аралындагы жардырууга байланыштуу кылмыш ишин карап жаткан сотто айыпталуучулардын бири Али Имрон “Жардыруу АКШнын Жакынкы Чыгыш менен Ооганстанда жүргүзгөн саясатына каршы, өч алуу үчүн жасалган”-деп билдирди.Балидеги жардырууну уюштуруучулардын анабашы болгон Амрози Бин Нурказийимге өлүм жазасы өткөн жумада берилген. Индонезиянын бийлиги “Марриот” мейманканасын жардырууну “Жемаа исламийа” деп аталган террорчул уюм жасаган деп эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG