Бүгүн Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча Москвадагы сүйлөшүүлөр учурунда Орусия Түндүк Кореянын коопсуздугуна кепилдик берүүчү көп тараптуу келишимге кол коюуну сунуш кылды.Москванын сунушу боюнча, андай макулдашууга көп тараптуу сүйлөшүүгө катышкан АКШ, Орусия, Япония, Кытай, Түндүк жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү кол коюшса өзөктүк программадан чыккан талаш жөнгө салынышы мүмкүн. Ал эми Москвадагы бүгүнкү жолугушууга Орусиянын,Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү катышты.Анда Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча ушул айдын аягында Пекинде боло турган көп тараптуу сүйлөшүүлөрдө козголчу маселелер такталды. Буга чейин Түндүк Корея АКШ Түндүк Кореяга кол салбайм деген макулдашууга кол койгондо гана өзөктүк программадан чыккан талаш жөнгө салынаарын билдирген.