Ооганстандын өкмөттүк армиясынын Хост провинциясындагы бөлүгүнө талибдердин 100дөй өкүлү чабуул коюп, андан талибдердин 15 мүчөсү жок кылынды жана өкмөттүк аскерлердин беш жоокери набыт болду. Андан тышкары талибдердин бир нече мүчөсү колго түшүрүлдү. Алардын арасында араб жана палестин улутундагы эки адам бар экен.Ал эми Гилмен провинциясында жүргүнчү ташуучу автобуска коюлган бомба жарылып, андан да 15 адам каза болуп, 5 адам жарат алды. Ооганстандын жетекчилеринин айтымында, 2001-жылкы жеңилүүдөн кийин табилдердин аман калган топтору Пакистанга жакын жерлерде турушат.