Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк II курултайына 22 мамлекеттен меймандар келет


БИШКЕК. Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк II курултайына 22 мамлекеттен 200дөн ашуун мейман келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат курултайды уюштуруу штабынан алынды. Курултайга АКШда, Канадада, Литвада, Швейцарияда, Түркияда жана башка мамлекеттерде туруктуу жашап жаткан жана аларга убактылуу иштегени барган кыргыздар катышат. Ал эми Кыргызстанга ар тараптуу салым кошкон мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, бизнесмендер мейман катары чакыртылды. Курултай 29-30-августта Чолпоната шаарында өтөт. Андан соң курултайдын катышуучулары 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө арналган, Бишкекте өтүүчү салтанатка катышат. Учурда Кытайда 160 миңден ашуун, Өзбекстанда бир миллионго жакын кыргыздар жашайт. Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк I курултайы 1992-жылы август айында Бишкекте өткөн.

XS
SM
MD
LG