Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Ливия 1988-жылкы террактан жабыр тарткандарга компенсация төлөп берет


ЛОНДОН.. Бүгүн Ливиянын өкмөтү жана жардыруудан курман болгондордун жакындары кол койушкан келишимге ылайык, өлкө кураман болгон адамдардын үй бүлөөлөрүнө жалпысынан 2 миллиард 700 миллион доллар төлөп берет. Бул жөнүндө бүгүн Ливиянын Британиядагы элчиси Махаммед ал Зауай билдирди. Келишим боюнча, Ливия ар бир жабыркаган үй бүлөөгө 10 миллион доллардан төлөп берет, ага жооп иретинде АКШ менен Улуттар Уюмунун Ливияга жарыялаган санкциялары жойулуп, Вашингтон өлкөнү террорчулардын кара тизмесинен алып салат. Санкцияларды толук жойуу үчүн Ливия терракттын жоопкерчилигин өзүнө алып, санкциянын шарттарын аткарууга тийиш. Британиянын Локерби шаарынын үстүнөн баратканда жарылган учакта 270 киши болгон.

XS
SM
MD
LG