ТЕГЕРАН. Америка Кошмо Штаттары Иранды атомдук электростанциянын курулушуна жамынып алып, ядролук курал иштеп чыкканга аракеттенип жатат деп айыптайт. Тегеран бул айыптоолорду жуутпай келет. Орусиянын катышуусу менен курулуп жаткан электростанцияны 2005-жылы бүткөрүү пландаштырылып жатат.