ИСЛАМАБАД. Пакистандын премъер-министри Коңшу Индияны тынчтыкка чакырды. Исламабадда Пакистандын Эгемендик күнүнө байланышкан салтанатта сүйлөгөн сөзүндө премъер-министр Зафаруллах Хан Жамали эгерде регион бакубаттыкта жашагысы келсе, эки өлкөнүн ортосундагы түпкү проблемалар чечилүүгө тийиш деп билдирди. Премъердин айтымында, Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелер Кашмир талашынын чечилишине, жана кашмирликтердин өз тагдырын өзү чечүү укугунун аткарылышына жараша болот. Былтыр Пакистан менен Индиянын ортосунда Кашмирдин айынан дагы бир согуш чыгып кете жаздаган болчу. Эки өлкө Британиядан эгемендик алган 1947-жылдан бери Кашмирди талашып үч жолу согушту. Былтыркы кризис 2001-жылы Индиянын парламентине террордук кол салуу жасалганда тутанган.