Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Либериянын козголоңчулары Монровия портун бейпилдик аскерлерге өткөрүп беришти


МОНРОВИЯ. Либериянын козголоңчулары Монровия портун Нигериялык бейпилдик аскерлерге өткөрүп беришти. Улуттар Уюму эми козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн айыгышыкан салгылашууларында жабыркаган баш калаа тургундарына деңиз аркылуу гумжардам ташыганга жол ачылганын айтышат. 14 жыл бою басылбай келаткан ички жаңжалдын негизги себепчиси - Либериянын президенти Чарльз Тэйлор ушул жумада кызматтан кетип, өлкөдөн качып чыкты. Мааламат агенттиктер бүгүн Монровия портуна америкалык аскерлер келгенин кабарлашты. Алар өлкөдө бейпилдик орнотконго көмөк көрсөтүшөт.

XS
SM
MD
LG