Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Америкалык аскердик жетекчилик шиит мусулман ирактыктардан кечирим сурады


БАГДАД. Америкалык аскердик жетекчилик шаршемби күнкү киши өлтүрүү үчүн шиит мусулман ирактыктардан кечирим сурады. Жергиликтүү эл менен америкалык аскерлердин ортосунда болгон кагылышууда бир карапайым ирактык жаран курман болуп, төртөө жарат алган. Окуя Садыр шаарында болгон. Тополоң телемунарага тагылган ислам байрагын кимдир бирөөлөр алып таштагандан башталды. Жергиликтүү калк аны аскердик коалициянын солдаттарынан көрүп жатса, АКШнын аскердик командачылыгы желек учуп бараткан вертолеттун эпкининен жулунуп кеткен деп айтат. Тополоң чыккан жерге миңдеген шиит мусулмандары чогулган болчу.

XS
SM
MD
LG