Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Кыргызстан мусулмандары Лениндин эстелигин алып салууну колдойт


БИШКЕК. Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы Борбордук Алатоо аянтынан Лениндин айкелин алып салуу боюнча өкмөттүн «Алатоо аянтын кайра куруу» чечимин колдойт. Бул тууралуу «Акыл-эс жана ыйман» коому 15-августта «Азаттыкка» маалымдады. Алардын айтымында, борбор калаанын Алатоо аянтынан тоталитардык доордун символу болгон Лениндин эстелигин алып салууга мезгил жетти. Кыргызстан коммунисттери бул тууралуу башка пикирде. «Алатоо аянтын кайра куруу тууралуу» кыргыз өкмөтүнүн токтому 2000-жылдын 22-майында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган «Бишкек шаарындагы Алатоо аянтында Лениндин эстелиги жөнүндө» мыйзамга каршы келет. Буга байланыштуу Абсамат Масалиев башында турган Кыргызстан коммунисттер партиясы жана Клара Ажыбекова жетектеген Кыргызстан коммунисттик партиясы Лениндин эстелигин башка жерге которуу боюнча иш-чараларды токтотууну өтүнүп өкмөткө кайрылышкан. Клара Ажибекова премьер-министрдин Лениндин эстелигин которуу жөнүндөгү токтому мыйзамсыз деп сотко кайрылды.

Алатоо кабарлар топтомун Бишкекте Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров даярдашты.

Редактору Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG