Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Жаза мөөнөтүн өтөө жайлары жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш кабыл алган «Жаза өтөө системасынын органдары жана мекемелери жөнүндөгү» мыйзам күчүнө кирди. Аталган мыйзамга президент Аскар Акаев кол койгондугу жөнүндө жума күнү президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Мыйзамга ылайык, кылмыш-жаза аткаруу системасынын негизги милдеттерине кылмыш жазаны өтөө, кылмыш жасаган адамдарды убактылуу абактарда кармоо, жаза өтөө жайларында тартипти, андагы кызматкерлер менен эркинен ажыратылган атуулдардын коопсуздугун камсыздоо кирет. Республиканын пенитенциардык система мекемелерине эркинен ажыратылгандарды эмгек менен камсыз кылуу жана аларга жалпы же адистик билим берүү, саламаттагын сактоо милдеттери да жүктөлгөн. Кыргызстанда 34 жаза өтөө мекемелери бар. Анда 17 миңге жакын адам жаза мөөнөтүн өтөшөт. Өткөн айда Кыргызстандын Акыйкатчысы өлкөнүн түштүк жана түндүк аймактарындагы айрым түрмөлөрдү кыдырып чыгып, алар начар абалда экендигин, жаза өтөө жайларында адам укуктары сакталбастыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG