Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Нарында эстелик тургузулат


НАРЫН. Нарын облусундагы Ооган согушунун ардагерлери коомдук бирикмесинин башчысы Чондоевдин 15-августта «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бирикменин демилгеси менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын утурлап Ооган жана Баткен ааламаттарында курман болгон нарындык жоокерлердин аттары жазылган эстелик Нарын шаарынын Акималиев атындагы эс алуу паркында тургузулууда. Ооган урушунда 13, Баткен коогасында 7 нарындык жоокер курман болгон. Алардын эстелигин тургузууга облустук аскер комиссарлыгы 6 миң сом, Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгү бир күндүк эмгек акыларын, Нарын облустук бийлиги 10 миң сом акча бөлүп берди. Бирок бул каражаттар жетишсиз. Коомдук бирикменин жетекчиси Чондоевдин айтымында, ал азыр көптөгөн мекеме, ишканаларга, жеке ишкерлерге жардам сурап кайрылууда. Эстелик 31-августка чейин тургузулушу керек.

XS
SM
MD
LG