Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Таластык мугалимдердин жыйындары


ТАЛАС. 15-августта Талас шаары менен Талас районунун мектептеринде башталган мугалимдердин салтка айланган август кеңешмелери облуста 21-августка чейин уланат. Бирок быйылкы кеңешмелер мурдагы жылдардан айырмаланып 3 багыт боюнча өткөрүлүүдө. Мектеп жетекчилери үчүн өзүнчө, гуманитардык жана табигый сабактар боюнча бөлүнүп өтүп жаткан жыйындар педагогдорго практикалык көбүрөөк жардам берет. Окуучулардын билим деңгээли жыл өткөн сайын төмөндөп бараткан шартта мугалимдердин билимин көтөрүү зарылчылыгы келип чыкты.

XS
SM
MD
LG