Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:25

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар ЕККУ төрагасына кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Яаап де Хооп Схефферге кайрылуу жолдошту. Анда ЕККУнун Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоону колдоо программасынын алтынчы бөлүгү ишке ашса, ал атуулдардын пикирлерин эркин айтуу укугун басмырлай тургандыгы белгиленген. Программанын алтынчы бөлүгүндө чыр-чатак, тартип бузууну болтурбоо амалында ички иштер министрлигинин алдында атайын милиция бөлүмүн түзүү жана аларды тиешелүү куралдар менен камсыз кылуу каралган. Бейөкмөт уюмдар белгилегендей, Кыргызстанда массалык тартип бузуу буга чейин болгон эмес, келечекте да болбойт, кыргызстандыктар өз көйгөйлөрүн бийликке жеткирүү максаты менен гана мыйзам чегинде нааразылыгын билдирип ачык чыгышат. Элдин маселесин куралданган милиция эмес, бийлик органдары чечиши керек.

XS
SM
MD
LG