Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Индия менен Пакистан жетекчилери бири-бирин кызматташууга чакырууда.

Индиянын эгемендүүлүгүнүн 56 жылдыгын белгилеп, бүгүн сыналгы аркылуу чыгып сүйлөгөн премьер-министр Атал Бихари Важпайи кошуна Пакистанга кайрылып, аны анти-индиялык саясатты токтотуп, кызматташуу багытында аракеттенүүгө чакырды. Важпайинин айтымында, өзөктүк куралга ээ эки өлкө ортосундагы касташуу эч жакшылыкка алып келбейт. Пакистандын премьер-министри Зафарулла Хан Жамали дагы кечээ күнү өлкөнүн эгемендүүлүк күнүн белгилөө салтанаты учурунда Индияга кайрылып, аны кызматташууга чакырган.
XS
SM
MD
LG