Улуу Британиянын аскерий эксперти Дэвид Келлинин өлүмү менен байланыштуу тергөө жүргүзүп жаткан сот Брайан Хаттон бүгүн атайын билдирүү жасап, эмки аптада сотко премьер-министрдин жардамчылары чакырылаары тууралуу билдирди. Келлинин маалыматтарына таянып, "Би-Би-Си" корпорациясы Ирактан чыккан коркунучту британ өкмөтү апыртып жиберген деп билдирген, бирок андан кийин Келлинин ысмы маалымат каражаттарында ачык жарыяланып кеткенде, июл айында ал өзүн өзү өлтүрүүгө аргасыз болгон.