Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22

Израилдин абактарында жаткан арабдарды бошотуу жараяны уланууда.


Израил өкмөтү бүгүн өлкө абактарында жаткан дагы 73 арабды бошотту, бирок Палестин жетекчилигинин айтымында, андан алда канча көп адам эркиндикке чыгууга тийиш болчу. 12-август күнү Израилде эки террордук жардыруу болгондуктан, камалган арабдарды бошотуу иши токтотулган, 14-августта болсо жөөт коопсуздук кызматы "Исламдык жихад" аттуу куралдуу топтун жетекчилеринин бири Мухаммед Сидрди атып өлтүргөн. Уюмдун саясий жетекчиси Мухаммед Хиндинин айтымында, "Исламдык жихад" - ок атышууну токтотуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарат, бирок Сидр үчүн баары бир өч алат. Жөөт жетекчилигинин айтымында, Сидр жаңы террор аракетин даярдап жатканда өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG